Өзбекстан быйыл 3,5 миллион тонна жашылча өстүрүүнү көздөп жатат.
Бул тууралуу өкмөттүн “Дыйкан чарбаларынын жана үлүш жерлерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунда айтылат.
Документке ылайык, республикада 172 миң гектар дыйкан чарбаларында жана чарбалык үлүш жерлеринде 3,5 миллион тоннадан ашык жашылча өстүрүлөт. Анын 23 миң гектарын пияз, 18 миң гектарын сабиз ээлейт.
Тактап айтканда, 31,5 миң гектар жерден 667 тонна коон, 47 миң гектардан миллион тонна картошка, 26,7 миң гектардан 80 миң тонна дан дан өсүмдүктөрүн алууну көздөшүүдө.
Подробнее: https://uz.sputniknews.ru/