Грузиянын өкмөтү фермердик кооперативдерди колдоо боюнча жаңы программаны ишке киргизүүдө. Бул тууралуу Грузиянын айыл чарба министри Отар Шамугия өкмөттүн жыйынынан кийинки брифингде билдирди, деп жазат Вестник Кавказа порталы.
Ведомствонун жетекчисинин айтымында, өлкөнүн өзүн-өзү камсыздоосун жогорулатуу үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшүнө колдоо көрсөтүү маанилүү, деп билдирет Sputnik Грузия.
Шамгалия жашылча сактоочу жайларды түзүү үчүн 80%га чейин каржылоону бийлик өз мойнуна аларын баса белгиледи. Ал түшүндүргөндөй, жашылча өстүрүүчү дыйкандар биригип, кооператив түзө алышат жана программанын талаптары аткарылса, долбоордун жалпы баасынын 80%дан ашпаган өлчөмдө мамлекеттен грант ала алышат.
Кеп сыйымдуулугу 500 тонна болгон жашылча жана картошка сактоочу жайларды куруу боюнча долбоорлорду биргелешип финансылоо женунде болуп жатат.