Красноярск крайынын дыйкандары себууге киришти. Азыр Ужурский, Новоселовский, Шушенский, Идринский райондоруна сулу, арпа, бир жылдык жана коп жылдык чвптер эгилген.
Облустук Айыл чарба министрлигинен алынган маалыматка караганда, учурда 0,89 миң гектарга (пландан 0,07%) айыл чарба өсүмдүктөрү себилди. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 33,3 миң га (планга карата 2,6%) айдалды. Откен жылы аба ырайынын шарттары себууну эрте баштоого мумкундук берди.
«Быйыл кыш кар жаап, жаздын алгачкы айлары жылуу болбогондуктан айыл эли талаага жөн эле чыгып жатышат. Райондо эгин себүүнү массалык түрдө баштоо май айынын биринчи он күндүгүнө пландалууда”, - деди облустун Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары – айыл чарба жана соода министри Леонид Шорохов.
Кошумчалай кетсек, айыл чарба өндүрүүчүлөрү себүү мезгилине алдын ала даярдана башташты: минералдык жер семирткичтерди жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып алышты, айыл чарба техникаларын жаңылашты. Азыр дыйкандар кыртышта нымды сактап калуу үчүн эрте жазгы тырмоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Быйылкы жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнө 1 миллион 485 миң гектар жер бөлүнгөн, бул былтыркыга салыштырмалуу 0,6%га көп. Дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн аянты 931,5 миң гектарды, май өсүмдүктөрү 176 миң гектардан ашык аянтты түзөт. Райондун чарбаларында картошканын айдоо аянты 5,6 миң гектарды, жашылча 1,6 миң гектарды түзөт. 337,5 миц гектар жерди тоют есумдуктеру ээлейт.