Приморский крайы айыл чарбасында жумушчу кучунун жетишсиздигин ез алдынча женге ала алган жок, ошондуктан чарбалар жашылчаны мин гектарга аз айдашкан. Бул тууралуу Приморьенин айыл чарба министри Андрей Бронц билдирди.
Анын айтымында, пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган байланыштар айыл чарба тармагында жумушчулардын жетишсиздигине алып келди жана гастарбайтерлерден көз карандылык көйгөйүн ачык көрсөттү, аны жоюу керек.
Жыл сайын кытайлар аймакка сезондук жумуштарга келишет, алардын кеминде 7 миңи талап кылынат. Азыр бул жерге Өзбекстандын жарандары келишти, бирок алар дагы эле жетишсиз болгондуктан, жашылча өстүрүүчү аянтты миң гектарга кыскартууга туура келди. Күзүндө бул продукциянын жетишсиздигин жана Кытайдан импортту көбөйтүү зарылдыгын жаратат.
Айыл чарба ишканалары жергиликтүү тургундардын жардамы менен күрөшүүгө аракет кылууда. Бирок жазда пландалгандай студенттер да, соттолгондор да талаада массалык түрдө иштей башташкан эмес.