Программаларды каржылоонун көлөмү 1,79 миллиард рублди түзөт.
Татарстанда 2020-жылы 387 айыл чарба объектилери капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Дыйкандардын чыгымынын 30%ын толтуруу үчүн республикалык бюджеттен 538,2 млн рубль бөлүнөт, деп билдирди Татарстан Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги.
Капиталдык ремонт объектилерине 127 дан чарбасы, 158 уй сарай, 67 машина-трактор паркы, 12 канаттуулар фабрикасы, 11 жылкы фермасы, 12 жашылча жана картошка сактоочу жай бар.
Мындан тышкары устубуздегу жылы республикада 140тан 390га чейин мал сыя турган алты уй сарай, бир кой фермасы, 90 силостук-сенаж траншеясы курулат.
Бардык аукциондор өттү, башкармалык подрядчылар менен келишим түзүп жатат.