2021-жылы Москва облусу рекультивацияланган жерлерди ишке киргизүү боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетишти. 1880 гектар аянтта ирригациялык иш-чаралар (сугат системаларын реконструкциялоо жана куруу) жүргүзүлгөн. Пландашты-рылган керсеткучтер дээрлик эки эсе кебейтулду, деп билдирет Москва областынын айыл чарба жана азык-тулук министерствосунун басма сез кызматы.
Мындай жогорку натыйжаларга Москва областынын бюджетинен ирригациялык жана дренаждык чараларды субсидиялоо учун кошумча финансы ресурстарын белуштуруунун эсебинен мумкун болду. Иштин негизги бөлүгү Дмитровский жана Коломенский шаардык райондорунда аткарылды.
«Мелиорация — азыркы кездеги технологиялык айыл чарбасынын составдык белугу. Туура жүргүзүлгөн мелиорация иш-чаралары климаттык тобокелдиктерди минималдаштырууга, кепилденген түшүмгө жетүү, ал тургай аны олуттуу түрдө көбөйтүүгө мүмкүндүк берет», - деди Москва облусунун айыл чарба жана азык-түлүк министри Сергей Воскресенский.
Анын айтымында, министрлик бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, учурда мелиорация иштерин мамлекеттик колдоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча кошумча иш-чаралардын үстүндө иштеп жатат.