2020-жылы Башкортостан Республикасынан Казакстанга, Кыргызстанга, Түркмөнстанга жана Өзбекстанга 3 388,8 тоннадан ашык картошка экспорттолгон.
Фитосанитардык тобокелдиктин жөнгө салынуучу продуктыларына карата "Россельхознадзордун Башкырт маалымдама борбору" ФСБИнин лабораториясында текшерүү, сынам алуу жана изилдөө иштерин камтыган көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, продукция импорттоочу өлкөлөрдүн карантиндик фитосанитардык талаптарына жооп берет. Бардыгы болуп картошка үчүн 166 фитосанитардык сертификат берилди.