Уралга ар бир экинчи килограмм жашылча жана жемиш Өзбекстандан келет, деп билдирет «Время пресс» маалымат агенттиги.
Жыл ичинде Урал федералдык округуна бардыгы болуп 229 миң тонна жашылча-жемиш жеткирилген. Мурдагы жылга салыштырганда тапшыруунун келему эки эсе кебейду.
Эквадор, Тажикстан, Казакстан жана Египет да Уралга жашылча-жемиштерди жигердуу жеткирип турушат. Ошол эле учурда Өзбекстандын продукциясы тышкы соода жүгүртүүнүн жарымын түзөт.
Свердлов району жашылча-жемиш импорту боюнча Урал федералдык округунда экинчи орунду ээлейт. Өзбекстандан келген жүк ташуучу унаалар жаңы сабиз, кызылча, капуста жана башка жашылчаларды Екатеринбург бажычылары дээрлик күн сайын өткөрүшөт.
«Өзбекстан Урал облусунун салттуу тышкы экономикалык өнөктөшү болуп саналат. Узак мөөнөттүү соода мамилелери катышуучуларга бизнес жүргүзүүдө белгилүү бир ишеним кредитинен пайдаланууга мүмкүндүк берет, бул жеткирүүлөрдүн туруктуулугун жана келечекке болгон ишенимди билдирет», - дейт Урал бажы башкармалыгынын башчысы Алексей Фролов.