EastFruit аналитиктеринин айтымында, Россияда сатылуучу картошканын рекорддук баасы жана 2021/22-сезондо картошканын жетишсиздигинен кооптонуу орус ишкерлерин жергиликтуу запастар салттуу түрдө эң жогору болуп турган учурда дүйнө жүзү боюнча түп тамыр берүүчүлөрдү издөөгө мажбур кылууда.
Учурда продукциялар Кыргызстан жана Молдовадан алынып келинүүдө. Ошондой эле, соодагерлердин айтымында, Россиянын рыногуна Ирандан көбүрөөк картошка ташылып жатат. Буга катар эле Пакистандан картошка алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү изилдөө иштери жүрүп жатат.