Казакстан Республикасынын парламентинин төмөнкү палатасы Казакстан менен Орусиянын ортосундагы Жамбыл облусунда минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Долбоорду орусиялык «Еврохим» компаниясы ишке ашырууда.
Казакстандын өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов белгилегендей, долбоордун биринчи этабы аяктады: тоо-кен комплекси ишке киргизилип, анын базасында жылына 660 миң тоннага чейин фосфорит өндүрүүгө жетишилди. тузулду, кубаттуулугу жылына 640 мин тоннага барабар орто майдалоочу жана майдалагыч агрегат курулду. Инвестиция 126 миллион долларды түздү.
Экинчи этап минералдык жер семирткичтерди жана өнөр жай продукциясын өндүрүү боюнча инновациялык химиялык комплексти курууну болжолдойт, кубаттуулугу жылына кеминде 1 миллион тонна продукцияны түзөт. «Учурда «Еврохим» компаниялар тобу экинчи этапты алдын ала каржылоонун алкагында 138,7 миллион доллар инвестициялады», - деп кошумчалады Атамкулов.
Келишимде корпоративдик киреше салыгы, кошумча нарк салыгы, мүлк жана жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган.
Андан ары келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору Сенатка – республиканын парламентинин жогорку палатасына жөнөтүлөт.