Нижний новгороддук дыйкандар картошка айдап, жашылчаларды себүүгө киришти. Бул тууралуу Нижний Новгород облусунун айыл чарба жана азык-түлүк ресурстары министри Николай Денисов билдирди, деп маалымдайт Орусиянын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
«Облустун айыл чарба өндүрүүчүлөрү ачык жерге картошка айдап, жашылча эгүүгө киришти. Быйыл картошка эгүүгө 14 миң гектардан ашык айыл чарба жери бөлүнүп, 800 гектардан ашуун жерге жашылча себүү пландалууда. Дан, буурчак, май жана тоют есумдуктерун себуу улантылып жатат. Бүгүнкү күндө 140 миң гектар аянтка жазгы айдап себүү иштери жүргүзүлдү», - деди Николай Денисов.
Арзамас, Богородск, Лысковский, Балахна райондорунда картошка отургузуу башталды: 180 гектар аянтка эгилди. Арзамас жана Шатковский райондорунун дыйкандары жашылча себууну башташты: 19 гектарга, анын ичинде 10 гектарга кызылча, 9 гектарга сабиз себилди.
«Аймакта күздүк эгиндердин түшүмүн калыптандыруу боюнча бир топ иштер аткарылууда: дыйкандар азыктандыруу жана тырмоо иштерин жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө 180 миң гектарга жакын аянтка минералдык азыктандыруу иштери бүткөрүлдү - бул пландын 80%ын түзөт. Куздук тырмоо 80 миц гектар аянтка — пландын 35 процентине аткарылды. Тоюттук максатта өстүрүлгөн көп жылдык чөптөрдү да азыктандырып, тырмоо иштерин жүргүзүп жатабыз», - деп кошумчалады Николай Денисов.
Эске сала кетсек, быйыл Нижний Новгород облусунун айыл чарба ишканаларын колдоого жана айыл аймактарын өнүктүрүүгө 5 миллиард рублга жакын субсидия бөлүнгөн, анын дээрлик 2 миллиард рубли айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө которулган. Каражат жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө жумшалды; мелиорация; машиналарды жана жабдууларды сатып алууга байланышкан чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу; сут жана жашылча ендуруучу-лерду колдоо, кадрларды колдоо жана башка багыттар боюнча.