Сахалинге Итуруп (Курил аралдары) өстүрүлгөн алгачкы жыйырма тонна картошка жеткирилди. Балык жана икра менен атагы чыккан, ал эми өсүмдүк продуктылары үчүн эмес, Итуруп үчүн бул өзгөчө окуя.
Картошка өстүргөн «Табият даамы» дыйкан чарбасында сынама тапшырууну келечекке кор деп атап, «Made in Iturup» маркасы менен жашылчаларды экспорттоо көнүмүш адатка айланат деп күтүшүүдө.
Чарба жакынкы кошуналарга – Кунашир менен Шикотанга, жергиликтүү тургундарды да унутпай, жеткирүүнү уюштурууну пландаштырууда.
Баа/сапат катышы эки тарапка тең (сатуучулар менен керектөөчүлөргө) туура келсе, облустун башка райондорунун текчелеринде картошка эле эмес, Итуруп сабиз, капуста, кызылча, бадыраң, помидор да пайда болот.
Аты аталган КЛФнын карамагында акыркы убакка чейин он гектар жер болгон. Алардын жетөөсү картошкага берилген. Курил аралдары айыл чарбасы тобокелдүү аймак, бирок быйылкы түшүм кубанычтуу болду: алар гектарынан 15 тоннадан картошка жыйнашты.
Чарба 2022-жылдан баштап ижарага алынган 98 гектар жерди өздөштүрүп баштайт. Алынган тушумду сактап калуу учун чарбада жашылча кампалары дээрлик даяр. Анын кубаттуулугу азырынча 3 миц тоннаны гана тузет. Объекттин салтанаттуу ачылышы ноябрь айында болот.