Региондордун картошкага жана жашылчага болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Россияда айыл чарба продукциясын жеңилдетилген темпте темир жол аркылуу ташуу географиясы кеңейүүдө. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Михаил Мишустин кол койду.
Мамлекет 2019-жылдан тарта айыл чарба продукциясын темир жол менен ташууну субсидиялай баштаган. Жеңилдетилген тариф боюнча ташуу жүктөрдү ташуунун бардык түрлөрүн: вагондордо да, контейнерлерде да ташууну камсыз кылат.
Өкмөт кабыл алган чечим айыл чарба продукциясын анын жетишсиздиги болжолдонгон аймактарга жеткирүүнүн зарыл көлөмүн белгилөөгө, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү колдоого, өлкө боюнча айыл чарба жүктөрүн ташуу баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңы жарлыкка ылайык, эми Дагестандан, Краснодар крайынан жана Астрахан облусунан Борбордук, Түндүк-Батыш, Волга жана Урал федералдык округдарынын аймактарына жашылчаларды жана картошканы жеңилдетилген тариф менен ташуу мүмкүн болот.
Бул чара 2022-жылдын аягына чейин күчүндө болот. Мурда жашылча азык-тулуктерун Сибирь жана Урал федералдык округдарынан Ыраакы Чыгыштын райондоруна гана жецилдетилген темп менен ташууга мумкун болгон.
Токтом ошондой эле дан эгиндерин Кемерово облусунан Борбордук жана Түндүк-Батыш федералдык округдарынын аймактарына, ошондой эле Дагестан, Краснодар крайы, Астрахань жана Ростов облустарына жеңилдетилген түрдө ташууну кайра баштоону карайт. Мындай чечим Кузбасста эгиндин ашыкча болушуна байланыштуу кабыл алынды.