Нижний Новгороддук дыйкандар 80 миң гектар аянттан 2,5 миң тоннага жакын картошка казып алышты. Картошка жыйноо улантылууда. Бул тууралуу Нижний Новгород облусунун айыл чарба жана азык-түлүк ресурстары министри Николай Денисов билдирди.
«Быйыл картошканын түшүмдүүлүгү гектарына 300 центнерден ашып, былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик 30%га көп. Жылдын аягына чейин кеминде 800 миц тонна картошка ендурууну пландаштырып жатабыз. Күтүлгөн түшүм облустун калкын экинчи нан менен камсыз кылуу менен гана чектелбестен, аны облустун сыртына да сатып, натыйжада дыйкандар кошумча киреше ала алышат”.», — деп белгиледи Николай Денисов.
«Жогорку түшүм алуу биринчи кезекте айыл чарба өндүрүүчүлөрү эгүүдө сапаттуу үрөндөрдү пайдаланып, аны өстүрүү учурунда айыл чарба өсүмдүктөрүн туура багуу, отоо чөптөрдөн жана зыянкечтерден дарылаганы менен шартталган. Ал эми быйылкы аба ырайынын шарты да картошканын өсүшүнө ыңгайлуу болду».- деп баса белгиледи Николай Денисов.
Source: http://mcx.ru/