Долбоордун аналитиктери Украинада ушул аптада сабиздин баасы көтөрүлдү Eastfruit... Рыноктун негизги катышуучуларынын айтымында, сабиздин кымбатташы соода жана сатып алуу ишмердүүлүгүнүн активдешүүсү менен шартталган, анткени дүң жана чекене соода түйүндөр Жаңы жылдык майрамдарга карата запастарды түзө баштаган.
Бүгүнкү күндө негизги өндүрүш аймактарынын дыйкандары жогорку сапаттагы сабизди 0,22-0,29 доллар/кг менен жөнөтүшөт, бул өткөн иш жумасынын акырына салыштырмалуу орточо 17% кымбат.
Чарбалардын кепчулугу баанын мындан ары жогорулашына байланыштуу сатууну токтотуп, сабиздин негизги белугун кампага камдап коюшту. Алар сатууга профицитти гана сунушташат, мунун натыйжасында рынокто сунуш бир аз кыскарган, бул да өз кезегинде сатуу бааларынын өсүшүнө шарт түзгөн.
Учурда Украинада жогорку сапаттагы сабиздин баасы бир жыл мурункуга караганда орто эсеп менен 2,2 эсе жогору. Бирок, рыноктун катышуучуларынын айтымында, баанын өсүү тенденциясы убактылуу көрүнүш болушу мүмкүн. Баанын андан ары жогорулашы фермерлерге сабизди кампадан сата баштоого түрткү болушу мүмкүн, бул жеткирүүлөрдүн көбөйүшүнө жана сатуу бааларынын төмөндөшүнө алып келет.