Алтай аймагынын ишканалары эрте түшүм алган жашылча-картошкаларды жыйнай башташты, деп билдирет Алтай аймагынын айыл чарба министрлигинин расмий сайты. Жашылчаларды жана картошканы индустриалдык жактан өстүрүү менен алектенген чарбалар түшүм жыйноо кампаниясына киришти.
Талааларда эрте сорттогу картошка бышып жетилди. Биринчи Май районундагы Валерий Черенковдун фермасында сынап казуу жургузулду. Аба ырайы ыңгайлуу болгондо «Россия жашылчасы» (Биринчи Май району), «Сатурн-2» ЖЧКсы (Биринчи Май району), «СоюзАгро» ЖЧКсы (Кытманов району) түшүм жыйноого даяр.
Жакынкы арада жаш картошканы соода түйүндөрүнөн жана базарлардан сатып алууга болот.
Рубцовский районунан келген дыйкандар Олег Ан менен Валентина Тюгай кабак, эрте ак капуста, пекин жана түстүү капуста жыйноого киришти. Угловский районунда чамгырдын биринчи түшүмү жыйналды.
Жакында чарбалар эрте кызылчаны жыйноого киришет.