Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги быйыл Россияда дан, картошка жана кант кызылчасынын түшүмү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу төмөндөйт деп күтүүдө, деп билдирет ТАСС департаменттин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен.
Мындай божомолдун себеби бардык федералдык округдарда аба-ырайынын жагымсыз шарттары болгон, ошондуктан жазгы талаа иштери кийинкиге жылдырылган. Буга байланыштуу эгиндердин бышып жетилиши жана түшүм жыйноо дагы кийинчерээк болот.
Ошол эле учурда, департамент Россиянын Азия аймагынын көпчүлүгүндө, себүү иштери аяктап, көпчүлүк өсүмдүктөрдүн өсүшү жана өнүгүшү үчүн жалпысынан канааттандырарлык агрометеорологиялык шарттар күтүлүп жаткандыгын белгиледи.
Министрликтин маалыматы боюнча, жазгы айдап себүү иш-чараларынын жана түшүм жыйноонун башталышынын негизинде божомол такталат.
2016-жылы Россиянын чарбаларында бардык категориялардагы дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 120,7 миллион тоннаны түзүп, бул рекорддук көрсөткүч болду.
Source:http://www.aif.ru