22-ноябрда Орусиянын Айыл чарба министрлигинде өткөн жыйында 2022-жылга айдоо аянттарынын структурасы боюнча болжолду талкуулашты. Иш-чарага агроөнөр жай комплексинин областтык органдарынын жана тармактык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жыйында ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерди жүгүртүүгө киргизүү жана аймактардагы жер кыртышын акиташтоо темпи боюнча темалар көтөрүлдү.
2022-жылы өндүрүштү көбөйтүү үчүн ачык жерге жашылча, картошка, дан эгиндери, рапс, соя, дан жүгөрү жана кант кызылчасынын аянтын кеңейтүү пландаштырылууда. Айыл чарба жерлеринин асылдуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын комплекси ишке ашырылып жатат. Учурда 263 миң гектардан ашык аянт акиташталып, иш уланууда. Келерки жылдан баштап айыл чарба жерлерин жүгүртүүгө натыйжалуу тартуу жана мелиоративдик комплексти өнүктүрүү боюнча жаңы мамлекеттик программа ишке кирет. Дыйкандарды материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу маселесине езгече кецул бурулду.
Ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилерине пайдаланылбай жаткан жерлерди кийин айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү үчүн агрохимиялык изилдөөнү уюштуруу тапшырылды.
Аймактарга 2022-жылы айдоо аянттарын кеңейтүү боюнча белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылуу тапшырылды.