Бул тууралуу губернатор Вениамин Кондратьев журналисттерге билдиргенин Орусиянын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Мен Россиянын өкмөтүнө өз убагында жасалган бул чара үчүн ыраазычылык билдирем. Краснодар крайы - Россиянын негизги айыл чарба аймактарынын бири. Республикадагы мөмө-жемиштердин жарымына жакынын, күрүчтүн 70%тен ашыгын өндүрөбүз. Бардык жүзүмзарлардын үчтөн бир бөлүгү Кубанда жайгашкан. Аммиак селитрасын экспорттоого тыюу салуу минералдык жер семирткичтердин кымбатташына жол бербей, дыйкандарга себүү өнөктүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул 2022-жылы жогорку түшүм алуу дегенди билдирет», - деди Вениамин Кондратьев.
Орусияда аммиак селитрасын экспорттоого эки айга 2-февралда тыюу салынган. Учурда дыйкандар эгүү өнөктүгүнө кызуу даярдык көрүүдө, ошондуктан ички рынокто минералдык жер семирткичтерге кошумча муктаждык жаралууда.
Мурдараак Вениамин Кондратьев аммиак селитрасынын кымбатташы 2022-жылдагы түшүмгө коркунуч туудурарын, бул айыл чарба азыктарынын баасынын өсүшүнө алып келерин белгилеген.