Бул жумада орусиялык фермерлерде пияздын баасын көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар, деп билдирет EastFruit долбоорунун талдоочулары рыноктун катышуучуларына шилтеме берүү менен.
Бүгүнкү күндө негизги өндүрүш аймактарында орус чарбалары пиязды 10-15 рубль/кг (0,16-0,23 доллар/кг) баада сунуштап жатышат, бул өткөн иш жумасынын акырына салыштырмалуу орточо 11% кымбат.
Баалардын көтөрүлүшүнө базардын катышуучуларынын айтымында, сапаттуу пияздын өтө чектелүү болушу себеп болгон, анткени көптөгөн чарбалар продукцияны сактоочу жайдан сатуудан баш тартышууда. Адистердин айтымында, учурда сатыкка коюлган пияздын сапаты начар, узак мөөнөткө сактоого жараксыз. Ошол эле учурда быйылкы сезондо түшүм жыйноодо сапатсыз продукциянын пайызы кыйла көбөйгөнүн дыйкандар өздөрү белгилешүүдө. Буга аба ырайынын ыңгайсыздыгы жана өзгөчө сентябрь айында нөшөрлөгөн жаан себеп болууда. Натый-жада нымдуулуктун жогору-лашынан бир катар чарбаларда бактериалдык илдеттер пайда болгон.
Белгилей кетсек, баанын жогорулашына карабастан, россиялык фермерлер пиязды ушу тапта өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орто эсеп менен 13% арзан сатууда. Ошол эле учурда рыноктун катышуучулары Россия Федерациясында пияздын баасынын өсүшү тезирээк болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө. Бирок баага олуттуу басымды Россиянын рыногуна Казакстандан системалуу түрдө ташып келүүчү кымбат эмес импорттук пияздын туруктуу жеткирүүлөрү көрсөтүп жатат.