Быйыл Белоруссияда картошканын түшүмдүүлүгү былтыркыдан 43 ц/га жогору.
Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин өсүмдүк өстүрүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Татьяна Карбанович билдирди, деп маалымдайт БЕЛТА.
«Учурда Беларуста картошка, жашылча, мөмө-жемиштер жыйналып жатат. 5-сентябрга карата айыл чарба уюмдары 2,4 миң гектар картошканы жыйнашты, бул жыйналган аянттын 8 пайыздан ашыгын түзөт. 88 миң тоннага жакын картошка казылып, орточо түшүмдүүлүк 365 ц/га түзүлдү, бул өткөн жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 43 ц/га жогору», - дейт Татьяна Карбанович.
Source: http://belmarket.by/