Улан-Удэ шаарында агрономиялык кеңешме өтүп, анда 2023-жылдын жыйынтыгы жана жазгы кампаниянын пландары талкууланды. Анын катышуучулары республиканын алдыцкы жашылча жана картошка естуруучулеру болушту.
Иш-чарада айтылгандай, жергиликтүү дыйкандар мыкты жыйынтыктарга жетишти. Бир катар айыл чарба есумдуктерунун тушуму боюнча тарыхый рекорд жацырды. Мисалы, ар гектардан 150 центнерден картошка, 314,1 центнерден жашылча алууга жетиштик. Бурятиянын башчысы Алексей Цыденовдун айтымында, мындай көрсөткүчтөр аймактын катаал жаратылыш-климаттык шарттары үчүн өтө олуттуу жетишкендик.
Республикада жазгы талаа жумуштары май айында гана башталат. Пландаштырылган айдоо аянты 139,9 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 17,8%га көп.
Рязань областында жазгы айдап себүү иштери уланууда
Облустук айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, аймактагы нөшөрлөп жааган жамгыр себүү өнөктүгүнүн темпин басаңдатып жиберди.