Ленинград облусунун бийликтери 3-жылы картошка жана жашылча өндүрүүнү 2023% көбөйтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу облустун губернатору Александр Дрозденко сезондук талаа иштерине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында билдирди.
Ленинград облусунун өкмөтүнүн басма сөз кызматы 24-мартта билдиргендей, 2022-жылы облустун дыйкандары рекорддук түшүм алышкан. Алар еткен жылы 194,2 миц тонна картошка, 180,7 миц тонна жашылча остурушту.
«Президент бизге азык-түлүк коопсуздугунун доктринасын камсыздоо милдетин койду. Картошка жана жашылчаларды өндүрүүнү кеминде 3% көбөйтүүбүз керек», - деди Дрозденко жыйында.
Губернатордун айтымында, быйыл Ленинград облусунда өсүмдүк өстүрүү программаларын колдоого 1,7 миллиард рубль бөлүнгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13,3%га көп. Облус боюнча айдоо аянты 4,4 миң гектарга көбөйтүлүп, сезондун башталышында 219 миң гектарды түзөт. Агротехниканын себүү өнөктүгүнө даярдыгы азыр 90%дан ашты. Айыл чарба ишканаларында зарыл болгон күйүүчү-майлоочу майлар, запастык бөлүктөр, үрөн, жер семирткичтер камдалды. Алсак, кылкандуу дан эгиндеринин уругуна болгон муктаждык 136 процентке, картошка 185 процентке, коп жылдык чвптерге 113 процентке камсыз кылынды.