Бул тууралуу Якутиянын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана мелиорация департаментинин башчысы Вячеслав Гаврильев республикадагы тоют даярдоо кампаниясынын жүрүшү боюнча брифингде билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Саха Республикасынын (Якутия) расмий маалымат порталы.
Анын маалыматына караганда, Якутиянын бардык категориядагы чарбаларында 22-сентябрга карата картошканын түшүмү жалпы себилген аянттын 82%ынан жыйналды (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 113%).
Ачык жана жабык жердеги жашылчалар үчүн бул көрсөткүч бүгүнкү күндө 61%ды түзөт.
Бугунку кунде жаан-чачынга байланыштуу дан эгиндерин чаап-жыйноо жай темп менен журуп жатат. 1161 гектар аянттан буудай, 928 гектардан арпа, 3 гектардан сулу жыйналды.
Эске сала кетсек, облус боюнча жалпы айдоо аянты 48,5 миң гектар болсо, анын 10 миң 932 гектарын дан эгиндери, 6 миң 711 гектарын картошка, 1 миң 391 гектарын ачык жер-жемиш, 29,4 миң гектарын тоют өсүмдүктөрү түзөт.