Белоруссиянын Улуттук илимдер академиясынын картошка жана жашылча чарбасы боюнча илимий-практикалык борбору Никарагуада картошканын алты белорус сортторун сынап жатат. Окумуштуулар бул сортторду тропикалык температурада өстүрүү түшүм жыйноо циклин кыскартаарын байкашкан.
Эстели муниципалитетинин климаттык жана топурак шарттарына төрт сортту адаптациялоо жүргүзүлүп, натыйжада төмөнкүдөй алгачкы жыйынтыктар алынды.
Рагнеда сортунун өндүрүү жана жыйноо убактысы 120 күндөн 90 күнгө (30 күнгө аз) кыскарган. Сорт эгинге зыян келтирүүчү зыянкечтерге чыдамдуу жана ар гектардан 600 центнерге чейин түшүм алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул картошканын эти жумшак жана тез бышат.
«Бриз» сорту да 30 кунге тезирээк жыйналат, анткени анын даярдоо убактысы 120дан 90 кунге чейин кыскарган. Анын ар гектарынан 595 центнерге чейин тушум алуу мумкунчулугу бар, текстурасы жылмакай, куурулгандыгы жакшы.
Янка сорту кыска өндүрүш циклине ээ, анткени ал 100 күндөн кийин (20 күнгө аз) жыйналат. Анын тушумдуулугу гектарына 471 центнерге чейин жетет. Бул картошканын түйүнүндө көздөрү азыраак, ал эми барлары үстүртөн жайгашкандыктан, бышыруу учурунда кабыгын тазалоону жеңилдетет.
Кызыл картошканын Зарница сорту да 100 күндөн кийин жыйналып алынат, бул өндүрүш убактысын 20 күнгө кыскартат. Эң негизги өзгөчөлүгү гектарынан 580 центнерге чейин түшүм алууда.
Окумуштуулар ошондой эле Эстели микрокөбөйтүү лабораториясында Уладар жана Скарб сортторунун ден соолугу чың өсүмдүктөрдү көчүрүү үчүн иштеп жатышат. Максатка жеткенден кийин, Джинотега, Матагальпа, Нуэва Сеговия жана Эстелинин башка райондорунда өстүрүүчүлөрдүн эксперименталдык чарбаларында изилдөө участоктору түзүлөт, анда окумуштуулар картошканы ар кандай шарттарда канча убакытка сактоого болорун аныктоо үчүн сыноолорду өткөрүшөт. .