Маалым болгондой, Нью-Йоркто Томпсон институтунун адистери Хью Мэйсондун жетекчилиги астында кадимки картошканын ДНКсына В вирустук гепатити менен ооруган бейтаптардын боорунда табылган белокту коддогон генди киргизишти.
Чычкандарды мындай картошка менен азыктандырганда алардын канында антитело пайда болуп, вирустук гепатитке каршы түздөн-түз иммунитет түзүлө баштаганы аныкталган.
Томпсон институтунун изилдөөчүлөрү бул жегенге жарамдуу вакцинаны иштеп чыгуу эпидемияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп эсептешет, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ага шашылыш муктаждык бар.
Онлайн жаңылыктар: http://runews24.ru/