Жогорку сапаттагы жергиликтүү картошка үрөнүнүн жетишсиздиги акыркы убакта Азербайжандын дыйкандары үчүн чоң көйгөйгө айланды, деп билдирет Sputnik Азербайжан. Картошка дыйкандары кымбат баалуу үрөндөрдү чет өлкөдөн алып келүүгө аргасыз.
Товуз тежрибе станциясында ерли сортларын селекцион ве тохумчылык ишлери алнып барыляр. Адистер жергиликтүү үрөндөр сырттан келген картошкага караганда арзан жана түшүмдүү экенин айтышат. Аран ойдуңунун талааларында картошканы жакшылап багуу менен гектарынан 25-30 тоннага жакын түшүм алууга болот.
«Учурда Товуздагы тажрыйба станциясынын талааларында картошканын ата мекендик Амир-600, Севинж, Тельман сортторунун уруктары өстүрүлүүдө. Сырттан келген сорттордон айырмаланып, жергиликтүү үрөндөр арзаныраак. Бирок алар аздык кылат, көпчүлүк дыйкандар аларды пайдалана алышпайт, — дейт Товуз тажрыйба станциясынын картошка селекция жана үрөнчүлүк лабораториясынын башчысы Юсиф Мустафаев.
Мустафаевдин айтымында, жетишсиздиктин себеби, тажрыйба участокторуна айдоо аянттарынын аз бөлүнгөндүгүндө.
«Биз картошканын жаңы сортторун түзүүгө аракет кылып жатабыз. Учурда институт бир нече жаңы продукцияларды жаратты. Булар Чанлибел, Угур, Вагиф жана башкалар. Алар жемиштүү жана ооруларга туруктуу. Бирок, эксперименталдык аймактар жетишсиз. Биздин максат – жакынкы аралыкта республиканы үрөн менен камсыз кылуу үчүн алардын санын көбөйтүү», - деди ал.
Азербайжанда азыр картошка 60-70 миң гектар аянтка өстүрүлүп, чарбалар бул өсүмдүктүн 200 миң тоннадан ашык үрөнүн талап кылууда.