2021-жылы облуста сугат жерлеринин аянты 7,5 миң гектарга көбөйөт. Волгоград областынын агроенер жай комитетинин маалыматы боюнча облустун 4,5 районунда 11 миң гектар жаңы сугат айдоолору ишке киргизилди, 6 участокто иштер дагы эле уланууда.
Сугат аянттары мамлекеттик колдоо менен «Россиянын мелиорация комплексин өнүктүрүү» федералдык программасынын жана «Эл аралык кызматташтык жана экспорт» улуттук долбоорунун алкагында түзүлөт. Мисалы, 2021-жылы, Николаев районунда, «Лидер» ЖЧКсы 533,5 гектар аянтка объект курган; Калачев районундагы «СП Донское» ЖЧКсынын мал чарбасы мелиорация аянтын 783 гектарга көбөйттү; Иловлы районында «Бердиевский элеватор Агро» ААК ишканасы 278 гектар сугат жерди ишке киргизди. Светлоярск районунда «СП Орошаемое» ЖЧКсы 614,4 га мелиоративдик системаларды, ушул эле муниципалитетте «ВолгоДонАгро» ЖЧКсы дагы 335,9 га аянтты ишке киргизди. Калачев районундагы «НПГ Сады Придонья» ЖЧКсы курулуштун бешинчи этабында сугат аянтын 206 гектардан ашык көбөйткөн. Жацы сугат аянттарында жугерунун, соянын, жемиштердин, ачык жердеги жашылчалардын жана башка есумдуктердун ондурулушу кебейет.
Эске сала кетсек, акыркы жети жылда Волгоград облусунда сугат аянты эки эсеге көбөйүп, 2020-жылдын аягында 67,1 миң гектарды түзгөн.
2021-жылы бардык деңгээлдеги бюджеттерден мелиорация тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруучу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо үчүн 611 миллион рублдан ашык, анын ичинде “Эл аралык кызматташтык жана Экспорт».