Россиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев Брянск облусуна иш сапары менен барып, агроөнөр жай комплексиндеги жана азык-түлүк рыногундагы абалга мониторинг жүргүзүү боюнча ыкчам штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Буга чейин ал губернатор Александр Богомаз менен бир катар жашылча жана картошканы кайра иштетүүчү ишканаларды текшерди.
Брянск областы акыркы мезгилде агроенер жай комплексинин коп тармактарында алдыцкы орунга чыкты. Райондук дүң продукцияда айыл чарба продукциясынын үлүшү акыркы жылдары 7 пайыздан 19 пайызга чейин өстү. Пандемиядан улам оор жылда да өнөр жай 103 пайыз өсүштү көрсөттү.
Жыйындын алдында министр менен губернатор айыл чарба продукцияларынын жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын көргөзмөсүн кыдырып чыгышты. Делегация «Меленский Картошка» ЖЧК көп тармактуу ишканасынын айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү технологияларына баа берди, ошондой эле аймактагы жашылча-жемиштерди жана картошканы кайра иштетүү боюнча алдыңкы ишканалардын бири – «Дружба-2» ЖЧКсына (Агробизнес Холдинг Охотно) барды.
«Дружба-2» ЖЧКсы сабиз жана картошка өстүрөт. Жашылчаларды узак мөөнөткө сактоо үчүн чарбада жашылча сактоочу жайларды, продукцияны жууп, таңгактоочу завод курулган. Жабдуулар эң заманбап талаптарга жооп берет.
Ишкананын жетекчилиги менен болгон баарлашууда ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясын дүкөндөр тармагында сатуу маселелери талкууланды. Ошондой эле быйылкы жайда аба ырайынын оор шарттары түшүмгө, атап айтканда, картошканын түшүмүнө таасирин тийгизди.