Pepsico Индияда закуска чыгаруучу заводду ишке киргизди. Бул өлкөдөгү мындай профилдеги эң ири ишкана. Курулушка кеткен чыгымдар 814 миллион рупийди (110 миллион АКШ доллары) түзгөн. Долбоорду ишке ашырууга эки жылга жетпеген убакыт кетти. Компания келерки жылы өндүрүштү эки эсеге көбөйтүүнү пландоодо.
Заводдун сырьесун өстүрүү менен 5 миң жергиликтүү дыйкандар алектенет. Ишкана жыл сайын алардан 1,5 миллион тоннага жакын картошка сатып алууну пландаштырууда.
Ишкана ошондой эле акыркы үлгүдөгү муздаткыч кампаны ишке киргизүүгө даярданып жатат. PepsiCo адистеринин айтымында, муздак сактоо технологиясы картошканын сактоо мөөнөтүн кыйла узартат.