Россиянын президенти Владимир Путин 11-октябрда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү илимий-техникалык жактан камсыздоо боюнча кеңешме өткөрөрүн Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Анда белгиленгендей, жыйында 2025-жылга чейин иштелип чыккан айыл чарбасын өнүктүрүүнүн федералдык программасын ишке ашыруунун жүрүшү каралат; ата мекендик селекциянын негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүндө азык-түлүк көз карандысыздыгына жетишүүгө байланышкан маселелер; агроенер жай комплекси учун машиналарды жана жабдууларды чыгаруу, ошондой эле ендуруш учун илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун азыркы кездеги системасын тузууге багытталган чаралар.
Жыйынга ири агроөнөр жай холдингдердин, адистештирилген илимий жана окуу жайлардын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана бир катар федералдык субъекттердин жетекчилери катышары кошумчаланат.