Continental Farmers Group компаниясы жаңы картошка сактоочу жайды ишке киргизди. Долбоорго инвестиция 111,4 миллион гривнаны түздү.
Аянты 6 миң чарчы метрден ашкан картошка сактоочу жай Чуква айылында (Львов облусунун Самбир району) жайгашкан. Комплекс бир эле убакта 16 миң тонна товардык картошканы сактоого ылайыкталган жана Украинадагы эң ири комплекстердин бири. Сактоочу жай жер үстүндө, ар биринин сыйымдуулугу 6 тонна болгон 2650 камерадан турат. Картошканы 10 айга чейин дүңүнөн сактоого болот, сапатын минималдуу жоготпойт. Комплекс вентиляциялык жабдуулар менен жабдылган, нымдуулук жана CO2 деңгээли автоматтык түрдө көзөмөлдөнөт.
Белгилей кетсек, Continental Farmers Group жыл сайын 2 миң гектарга жакын аянтка картошка өстүрүп, технологияны тынымсыз өркүндөтүп, өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтет. Жацы комплекс ишке киргизилгенден кийин ишкана бир эле мезгилде 100 миц тоннадан ашык картошканы жыл бою сактоого мумкунчулук алды. Быйылкы өндүрүш мезгилинде картошканын жалпы аянты 1,8 миң гектарды түзөт. Азыр компаниянын активдерине өзүнүн крахмал заводу кирет.