Түркмөнстандын илимдер академиясынын Химия институтунун адистери дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп жаткан антисептик йодомал менен бирдей касиетке ээ болгон дезинфекциялоочу препаратты иштеп чыгышты. Йодомалды жасоо үчүн окумуштуулар картошка крахмалын колдонушкан.
Учурда дары патенттөө процедурасынан өтүп жатат.
Окумуштуулар тарабынан синтезделген препарат йоддун организмдин ткандары менен өз ара аракеттенүүсүн узартып, терини дүүлүктүрбөй тургандыгы менен өзгөчө.
Жергиликтүү чийки заттарды колдонууда антисептиктин баасы импорттук аналогго салыштырмалуу бир топ төмөндөйт. Даяр дары алты ай бою өзүнүн активдүү касиеттерин сактап калат.