CentralAsia порталы 1-ноябрга карата Монголияда 393,9 миң тонна дан, 239,3 миң тонна картошка жана 111,9 миң тонна жашылча, 968,9 миң тонна чөп жана 3,2 миң тонна силостук эгиндер жыйналып алынганын кабарлады.
Маалым болгондой, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу картошканын түшүмү 50,1 миң тоннага же 26,5%га өскөн. Жашылчанын түшүмү 20,8 миң тоннага же 22,8%га өстү.