Ошентип, өлкө бийлиги ички рынокто бааларды кармайт деп күтүүдө, деп билдирди Синьхуа.
Индия өкмөтү Бутандан 30 миң тоннага жакын картошка импорттоону чечти. Керектөөчүлөр, азык-түлүк жана коомдук бөлүштүрүү министрлиги бийлик картошканын баасын ооздуктоо боюнча активдүү чараларды көрүп жатканын билдирди.
Өкмөттүн расмий билдирүүсүндө картошкага болгон импорттук алым 30% дан 10% га чейин төмөндөтүлгөнү көрсөтүлгөн.
Эске салсак, ошол эле учурда Индия өкмөтү дагы 25 миң тонна пиязды импорттоону пландап жатат. Буга чейин Индия пияздын үрөнүн экспорттоого ички рынокто пияздын кымбаттап жаткандыгына байланыштуу тыюу салган.